Марал Радиосу

Коронавирус: Өткөн суткада өлкө боюнча 4 бейтап каза болду

Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (71 жаштагы эркек киши);

Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);

Кочкор аймактык ооруканасынан – 2 (69 жаштагы аял киши, 56 жаштагы эркек киши) көз жумду.

Муну менен илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 66 кишини түздү.