Марал Радиосу

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 6 миңден ашты

Тажикстанда 1-июлга карата дагы 51 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу коронавирус боюнча бирдиктүү улуттук порталга таянып, чет элдик басылмалар жазды.

Бир сутка ичинде коронавируска байланыштуу адам өлүмү катталган жок. Ал эми өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6005 адамга жетти. Алардын ичинен 4627 адам айыгып, 52 бейтап көз жумду.

Тажикстанда коронавирус боюнча биринчи учурлар 30-апрелде жарыяланган болчу.