Марал Радиосу

Кыргызстан-Кытай чегинде жер силкинди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-июль күнү саат 20:42де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.