Марал Радиосу

Кафе, ресторан, соода борборлорунун иш графигине да жаңы чектөөлөр киргизилди

Бишкекте коомдук тамактануучу жайлардын да иштөөсүнө айрым чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда айтты.

Жаңы жобого ылайык, кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайлар саат 8:00-20:00 аралыгында иштейт. Ал эми супермаркет, соода борборлору саат 07:00-19:00гө чейин иштөөсүнө уруксат берилет. Эрежеге баш ийбеген жайларга айыппул салынат жана электр, суусу да кесилет.

Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтчаларга да чектөөлөр киргизилет. Базарлар саат 06:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Дезинфекция үчүн жумасына бир күнгө жабылат.