Марал Радиосу

Бишкекте коомдук транспорт эртең менен жана кечинде гана жүрөт

Бишкекте коомдук транспорттун графиги дагы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Жаңы графикке ылайык, коомдук транспорттор саат 7:00-10:00 аралыгында иштеп, саат 10-17:00 аралыгында тыныгуу болот. Кайра кечки саат 17:00-21:00 чейин каттай баштайт. Ал эми эс алуу күндөрү такыр иштебейт.

Эске салсак, 1-июлга карата Бишкек шаарында 2392 жарандан коронавирус аныкталды. Анын 55%га жакынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзөт. Акыркы он күн аралыгында илдетке кабылгандардын саны кескин өстү.

Кафе, ресторан, соода борборлорунун иш графигине да жаңы чектөөлөр киргизилди