Биз менен байланышыңыз

Жактоочу Атамбаевдин абалы тууралуу айтты

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 1090 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы, учурда ал ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу адвокаты Сергей Слесарев бүгүн, 1-июлда Атамбаев менен жолугуп чыккан соң айтты.

Буга чейин айтылгандай, Атамбаевдин өпкөсүнүн эки тарабы тең пневмония болгон. Доктурлардын айтымында, дарылоого кеминде эки жумадай убакыт кетет.

Слесарев белгилегендей, Атамбаев тергөө абагына салыштырмалуу азыр жакшыраак шартта кармалып, кечээки күнгө салыштырмалуу бүгүн абалы биртоп жакшы.

29-июнда Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айткан, андан коронавируска карата ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыккан.

Ошол эле күнү ага дарыгерлер консилиум жасап, Атамбаевге “эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү” деген диагноз коюлган. Ушундан улам, Атамбаев стационардык дарылануудан өтүү үчүн ооруканага жаткырылды.

Ал ортодо Атамбаевдин үй-бүлөсү тергөө абагында ага ооруну атайылап жуктурушту деген билдирүү таратышты. Анда Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы 11-майда Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектигин билдиргенин, бирок бийликтин ал кайрылууну көз жаздымда калтырганы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM