Марал Радиосу

Асылбек Өзүбеков: Алтымыш деген жаш курак күзгү соккон жел экен…

«Мен жана мезгил» программасынын маек төрүндө актер, обончу, аткаруучу, КРнын эмгек сиңирген  артисти, Токтогул Абдымомунов атындагы  Кыргыз улуттук академиялык  драм  театрынын жетекчиси Асылбек Өзүбеков 

-Чыгармачылык  жолунда  кандай  жанылыктарыңыз бар?

-Биринчиден, мени угармандар менен байланышытырып жаткан силерге чоң  рахмат. Жумуштар менен кол тийбей көптөн бери радио-телевидениеге чыкпай калдым эле.  Мурда чыгармачылык менен көбүрөөк алектенип келсем, азыркы учурда театрдын жумуштары менен көп убакытты өткөрүп жатам. Анткени, президентибиз Сооронбай Шарипович биздин театрга келип, ал-акыбалыбыз менен таанышып чындап эле оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүш керек экен деп ири суммадагы акча бөлгөн. Биз жайдын аягында баштаганбыз, анан жыл да аяктап калды. Бир катар курулуш  компаниялар менен иштешип бир далай жумуштарды бүтүрүп калдык. Андан кийин эле жылдын башталышы менен эмнегедир калып калган акчабыз ачылбай калды. Ал дагы көп убакытты талап кылат экен, февраль айында акча берсеңер жакшы болот эле деп кайрылып жаттык. Ошону менен март болду, ушинтип олтуруп жанагы аты жаман оору башталып кетти. Азыркы учурда ачыгы-ачык, чачыгы-чачык бойдон турат, эмне болот билбейм.

— Кыргыз драм театрында иштегениңизге үч жыл болуптур, эмнени өзгөртө алдыңыз?

Ушул театрга кандай кызмат кыла алам деген ой менен келе жатам. Бир сүйүнгөнүм элдин театрга келе баштаганын дагы айтып кетпесек болбойт. Бул дагы жакшы көрүнүш. Өзгөргөндө эми, элүү жылдан бери  ремонт иштери жүргүзүлө элек экен, бөлүнгөн акча кайра берилсе, орундуктарынан бери жаңылап, азыркы заманбап үлгүдөгү техникалар, жарыктардан бери карайбыз деген жакшы пландарыбыз бар.

— Талант – тартынчаак  болот дейт. Сиздеги талант жана өнөрлөрдүн эң башкы башаты кайсыл  жерде башталган?

Апам Фрунзе шаарына алып келип музыкалык окуу жайына таштап кетти. Башында көнбөй ыйлап жүрдүм, бирок кийин ыраазы болдум. Себеби, музыка деген түшүнүктү ошол Абдраев атындагы окуу жайдан үйрөнүп чыктым. Бул ошондо 1968-жылдар болуп калат.                                                                                                                        Кийин каникулда барсам, айылда жашоо жыргал экен. Анан 9-10 классты айылдан бүтүп калдым, 10ду бүткөндөн киийн эле Ташкенттеги театралдык окуу жайга тапшырдым. Негизи, 9-класста окуп жүргөндө эле айылда аккардеон кармап, балдардын баарын чогулутуп алып эле, маданият үйүндө концерт берип жүрчүмүн. Андан кийин окууга кеттим, мен жалаң эле чыгармачылыктын жолунда келе жатам. Колумдан келишинче изденип, бардык жумушту жакшылап  аткаргым келет. Азыркы учурда чыгармачылыгым бир аз солгундап калган учур да.

-Жетекчилик кызмат жан дүйнөңүзгө жакын бекен, чыгармачылыгыңыз эмне үчүн экинчи  планда калып  калды?

-Эми бул жердин түйшүгү көбүрөөк. Көп нерсеге жооп бериш керек, ачыгын айтканда, башында бир топ эле кыйналдым. Азыр эми кичине-кичине ишти жолго салып, жамаат менен бир аз да болсо ийгиликтерге жетишип келе жатабыз. Фестивалдарга катышып, жакшы спектаклдерди коюп, көрүүчүлөрдү да топтой алдык. Өзүңөр билесиңер, эң мыкты деген актёрлор биздин театрда эмгектенип келишет, бул факт. Баары мыкты актёрлор. Репертуарларыбызда эң сонун спектклдер бар,  коллектив чоң, эки жүздөй адам бар. Мен эми административдик-чарбалык иштерге жооп берем да, ал эми чыгармачылык жактан мыкты, таланттуу  Назым Мендибаиров аттуу режиссёрубуз бар. Баарыбыздын өзүбүздүн аткара турган кызматыбыз бөлүнүп такталган.

-Кайсы жаш курагыңызды өткөрбөй кармайт элеңиз?

-Ар бир жаш курактын кызык учуру болот экен да, муну ошол этапты басып өткөндөн кийин биле баштайт экенсиң. Артка кылчайып карап жыйырмадагы жашыңды бир эстейсиң, андан  кийин отуздагы жашыңды бир эстейсиң, бул жаш боюнча кыргыздын акылмандары көп нерсени айтып келишкен. Азыр бирөө эсиме түшүп жатат;

«Он бештеги жашым ай,

Жарда ойногон улактай.

Жыйырма деген жашым ай,

Көлдө ойногон курактай.

Отуз деген жашым ай,

Тоодон аккан булактай.

Кырк беш деген жашым ай

Байлануу турган чунактай,

Элүү деген жашыңыз кайтып бир келгис эл экен.

Алтымыш деген жашыңыз күзгү соккон жел экен,

Жетимиш деген жашыңыз.

Күүгүм кирген кеч экен,

Сексен деген жашыңыз.

Капкараңгы түн экен,

Токсон деген жашыңыз.

Казылуу турган көр экен,

Жүз бир деген жашында тобокел ажалдан башка жок экен»  деп айткандай, мына, эмне деген салыштыруу жатат.Биринчи мен жаштарга айтат элем, азыркы учур билимдүүлүлөрдүн заманы. Тил билсең, көп нерсени окуп билсең көп нерсеге жетесин, ошол себептен жаш кезиңден окуп билим алып калыш керек. Кийин үй- бүлөлүк себептер менен жаш кездегидей мүмкүнчүлүк болбой калат

-Өткөн өмүр менен калган көңүл эч убакта  табылбайт  экен. Кайсыл куракта эмнени  көбүрөөк  баалап, баркына  жетүү керек. Балким, жаштарга  сабак болор сиздин  айткан  кеңешиңиз?

-Негизи, пикирлештердин болгону жакшы, сенин оюңду түшүнүп, арка-бел болуп, чогуу ар ким өзүнүн жумушун кылып олтурса, көп ийгиликтер жаралат. Биз “Тунгуч” театрында ушундай болчубуз. Мурат мен Эген, Каныбек баарыбыздын өзүбүздүн аткарган кызматыбыз бар болчу. Бири-бирибизди түшүнчүбүз да. Ошол үчүн аталган театр бренд катары элдин алдында көп эмгекти жасады. Биз бара турган жерибизге бир эле афиша илип койчубуз. Эл “Туңгуч” келиптир деп эле чогулуп калчу. Кыргыз улуттук драма театрында деле ошондой жаныңда өзүңдүн жардамчыларың болушу керек. Анан арабыздан эрте кеткен Арсен Өмүралиев байкеден көп сабак алып калдым, ал убакта башкарма деп койчу. Ошол башкармалар менен  кандай сүйлөшүү керек, концертти кандай уюштуруш керек, артистерди кандай алып жүрүү керек, ошолордун баары мага кийин көп пайдасын тийгизди. Эми мындай учурларды айтып олтурса, абдан көп. Бардык нерседен сабак алып үйрөнгөндүн эч уяты жок. Жалгыз эле кыйратам деген болбойт, көп кишилердин кеңеши менен баары чечилет. Билбеген нерселерди ачык эле сурап кеңешип иш кылабыз.

-«Түбөлүктүү дос дагы  түбөлүктүү  кас да  жок, кызыкчылыктар  гана  бар»-  деп  ойчулдар  айткандай, достошордо адамдын сапатына, мүнөзүнө  карайсызбы же байлыгы деле роль ойнойбу ?

-Ар дайым ошол эриш-аркак жүргөн, өмүрүңдү коштоп келген достордун болгону жакшы да. Достор жаштык кезде көбүрөөк болуп, ошолордун арасынан иргелип жүрүп олтуруп сени түшүнгөн, үй-бүлөң менен жакын болгон, кыйынчылыкта сени менен бирге болгон достор иргелип-иргелип олтуруп тандалып калат. Кудайга шүгүр, мактаныч эмес, азыркы күндө жанымда көп мыкты досторум бар. Көбү таң кала беришет ушунча дос менен кантип катташып жетишесиз деп (күлүп). Жетишем, мен бара албай калсам, келинчегим барат жакшылыктарына. Кээде экөөбүз эки жакка кетебиз. Бүгүнкү күндө ар дайым  элүү, алтымыш үй-бүлө менен жамандык жакшылыкта тыгыз катышабыз.

-Сиздерди эмне байланыштырат?

-Бири-бирибизди туура түшүнгөнүбүз, сөздөрдүн төп келгени, бирибизге деген мамилебиздин тазалыгы, чыгармачыл адам башкача болуп кетет го ошол кезде. Эркеликти көтөрө билген, туура эмес кылган нерселерңди акырын күлкү менен жеткирип айтып келе жаткан досторум бар. .

-«Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса» деген макал маданият тармагына да тиешелүүбү?

Сахнада биз бул сөздү колдоно албайбыз. Себеби, ал жерде бүт баары ойлонуп, салмактап, изденип, азап-тозок менен бүт баарын ойлонуп туруп, анан кулак чыгарабыз. Андан кийин образ жаратабыз. Театрдын сыртын өңүн өзгөртсөк да кеңешип, мурда кандай эле бузулуп калган жокпу, баарын тактап туруп анан иштей алабыз. Ал эми жашоодо болушу мүмкүн, бирок олуттуу маселеде өзүм билемдик кылган туура эмес.

-Сахна кандай адамдарды өзүнө тартат?

-Сахна, кино менен спектаклдин айрымасы чоң да. Кинодо кандай аткарсаң болду ошол бойдон калды. Ал эми театрда ошол сени көрүп жаткан көрүүчүлөрдүн демин сезип, мейли күлдүрсөң  күлгөнүн сезип, ыйласаң  ыйлагандарын сезип. Мен негизи, ыйлатканды жакшы көрчүмүн, бул табалагандык эмес, ошол адамдын жүрөгүнө жеткире аткара алгандыгым деп билчүмүн.   Сахна өзгөчө сыйкырдуу башкача дүйнө да, акыркы учурда дагы көрүүчүлөрдүн келип жатканы бизге жакшы болду. Буюрса, театрдын оңдоп-түзөө иштери бүтүп калса, чоң бир ачылыш кылабыз.

-Кино тармагында роль жараткан оңойбу же сахнадабы?

-Экөө бирдей, экөөндө тең изденүү бар да. Театрда бир спектаклдин чыгышы үчүн эки жарым ай убакыт кетет, изденип баарын кайталап талдап, ошонун баарын иштеп чыгуу керек. Ал эми кинодо, тилеке каршы, аз убакыт берилет да. Кинодо техниканын баары кымбат анан ар бир коюлушунун мүнөт-саатын эсептешет. Ал  жерде тезирээк иштегенге туура келет, мына ушундай өзгөчөлүктөрү бар. Биз «Белгисиз маршрутту» тартканда кырк күн иштедик. Адегенде  каармандар чогулуп алып, ролдорду талдадык. Баарын анализдеп алып, андан кийин гана тартып баштаганбыз. Ошондо анан мыкты кино болуп чыкты. Темир Бирназаровдун мыкты режиссёр экени ошондо билинди. Ал эми театрда убакыт кененирээк да.

Exit mobile version