Марал Радиосу

Каратаев: Кыргызстанга дагы 220 ИВЛ аппараты керек

Кошумча 20 ИВЛ аппараты алынып, учурда 493 ИВЛ аппараты толук иштеп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалыматка караганда, кошумча 109 кислороддук концентратор алынып келип, жалпы 610 кислороддук концентратор бар.

-Ошентсе дагы, кырдаалга байланыштуу 220 ИВЛ аппараты жана 2003 кислородук концентраторго муктажбыз. Бул маселе боюнча жакын арада Орусия жана Кытайдан аппараттады күтүп жатабыз, — деди Каратаев.