Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Акыркы сутка ичинде 3 281 изилдөө жүргүзүлдү. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны — 21 145 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 879 учур катталды, алардын ичинен 446 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.