Марал Радиосу

Бишкекте №5, №11 жана №14 троллейбустар убактылуу токтотулду

Бишкек шаарындагы №5, №11 жана №14 троллейбустар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 1-июлда эртең менен Манас проспектисинде жол кырсыгы катталды.

Жеңил автоунаа троллейбустун тирегичин сүзгөн. Учурда линия калыбына келтирилди. Бирок иштер толук аяктай электигине байланыштуу ошол аймактан өткөн троллейбустардын иши убактылуу токтотулат.