Марал Радиосу

Президент коронавирустан каза тапкан дарыгердин жакындарына көңүл айтты

Sputnik KG

Президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын жакындары менен туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

-Жамал Тазабекованын коронавирустан каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Акыркы апталарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти, биздин кайраттуу медициналык кызматкерлерибиздин мойнуна эки эсе жүк түштү. Абдан өкүнүчтүүсү, бул күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз, — деди Жээнбеков.

Президент Жамал Тазабекованын өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ак кызмат кылып, бейтаптарды дарылап, жалпы душман менен күрөшүүгө баа жеткис салымын кошконун баса белгиледи.

-Жамал Тазабекова өз кесиптештеринин, бейтаптарынын, жакындарынын жана туугандарынын эсинде түбөлүккө калат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, — деди өлкө башчы.

Эске салсак, 30-июнда Ош шаарында коронавирус жугузуп алган 71 жаштагы дарыгер Жамал Тазабекова каза болгон.