Биз менен байланышыңыз

Нью-Йорктун губернатору Трамптан беткап тагынууну талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 442 | 0

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо АКШ президенти Дональд Трамптан беткап кийүүсүн, ошондой эле бардык америкалыктардан коомдук жайларда беткап тагуу талабын койгон  жарлыкка кол коюуга чакырды. Буга чейин Куомо штаттан беткап кийүүнү талап кылган жарлыкка кол койгон болчу.

The Guardian билдиргендей, Куомо эл алдында беткаптан баш тарткан Трамптан коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн үлгү болуп, беткап кийүүсүн талап кылды.

Биз муну эки ай мурун өз штатыбызда ишке ашырдык, — деди Куомо.

Буга чейин Ак үйдүн расмий өкүлү Кайли Мачина АКШнын президенти беткап кийүүнү «ар бир америкалыктын жеке иши» деп эсептеп, жогорку саясатчылар жана чет элдик лидерлер менен сүйлөшүүдө маска кие албай тургандыгын айткан.

Коомчулукта кадимки беткап кийип жүргөн АКШнын вице-президенти Майк Пенске караганда, Ак үйдүн лидери өз өнөктүгүнүн алкагында штаттарга жана ишкерлерге барганда беткап кийүүдөн баш тартканына нааразы.

Ал ортодо Канзас штатынын губернатору Лаура Келли жарандардан коомдук жайларда беткап кийүүнү талап кылган буйрукка кол койду. 3-июлдан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, дүкөндөрдө жана коомдук жайларда беткап кийүү милдеттендирилет.

Copyright © 2017 Maral FM