Марал Радиосу

Жогорку Кеңеш эс алууга чыкты

Бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 6-чакырылыштын 7-сессиясынын жабылганын  жарыялады.

Сессиялык мезгил ичинде 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алынды.

Парламенттин 6-чакырылышы эмнеси менен эсиңизде калды?

Премьер-министрдин, башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсеп палатасынын төрагаларынын жылдык отчеттору угулду. Жарандардын 15 миңден ашык кайрылуусу каралып, шайлоочулар менен 29 миңден ашык жолугушуу өткөрүлдү.