Биз менен байланышыңыз

ДССУ коронавирус тездик менен жайылып жатканын кабарлады

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 647 | 0

Айрым өлкөлөрдө кырдаал жакшырганына карабастан, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 пандемиясы күчөп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс билдирди.

-Кээ бир өлкөлөр экономикаларын ачып, социалдык жашоого кайтып келгенден кийин кырдаалдын жогорулашына күбө болушту. Өкүнүчтүүсү, кырдаал али бүтө элек, — деди ал.

Гебрейюс 30-июнда уюм Кытайда белгисиз түрдөгү эпидемиянын биринчи отчетун алганына алты ай болгонун белгиледи.

Алты айдын ичинде илдет жуктургандардын саны он миллион кишиден ашып, 500 миң адам өлгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Тедрос Адханом Гебрейюс пандемия жаңы жана коркунучтуу баскычка өткөнүн айткан.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзү боюнча коронавируска кабылгандардын саны 10,3 миллион адамга жетип, 506 миңден ашуун адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM