Марал Радиосу

Атамбаев эки тараптуу пневмонияга кабылып, ооруканага которулду

Кыргызстандын мурунку президенти Алмабзек Атамбаев стационардык дарылануудан өтүү үчүн ооруканага которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

29-июнда Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айткан, андан коронавируска карата ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыккан.

Ошол эле күнү ага дарыгерлер консилиум жасап, Атамбаевге “эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү” деген диагноз коюлган. Буга байланыштуу Атамбаев стационардык дарылануудан өтүү үчүн ооруканага жаткырылды.