Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 7 киши коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо мининстринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
-Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 жаран (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);
-Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 киши (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);
-№2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши);
-Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);
-Кыргыз-Түрк-достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).
Өлкөдө коронавирус жуктуруп, башка өнөкөт оорулары күчөп каза тапкандардын саны 57ге жетти.
Учурда стационарда – 721 адам дарыланып жатат, анын ичинде реанимацияда – 23 жаран бар.
Үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 148, ооруканадан чыгарылганы – 2 370 киши.