Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 47 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.
Ошол эле учурда акыркы бир суткада 11 медициналык кызматкер оорудан айыгып чыкты.
COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 830 учур катталды, алардын 442си айыгып чыккан.