Марал Радиосу

Март айынан бери 54 адам пневмониядан каза тапты

Март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 54 адам пневмониядан каза тапты. Алардын ичинен 48 адамдын өлүмү Бишкек шаарында катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта өлкөдө пневмония диагнозу менен саламаттык сактоо мекемелерине келип түшкөндөрдүн саны 1145 адамды түзгөн. Алардын ичинен, 564 бейтап айыгып, 525 бейтап дарыланып жатат.

Учурда республика боюнча 117, ал эми Бишкекте 408 бейтап өпкөнүн сезгенүүсүнөн дарыланып жатат.

Өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды