Марал Радиосу

Коронавирус жөнүндө видео кайрылуу жолдогон милиция көз жумду

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкери, милициянын улук лейтенанты Бердибай Элакунов көз жумду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ал болгону 37 жашта болгон. Жакында эле социалдык тармакта Элакуновдун видеосу тараган. Анда ал коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандыгын жана бул коркунучтуу дарт экендигин билдирип, бардыгынан санитардык чараларды сактоону өтүнгөн.