Марал Радиосу

Президент Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Эртең, 30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

Жээнбеков бул күндөрү байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат. Анын коронавируска карата кайталап тапшырган анализи таза чыккан.