Марал Радиосу

Кыргызстанда доллардын курсунун өскөнү байкалууда

Кыргызстанда доллардын курсу кымбаттаганы байкалып жатат. Бишкектеги акча алмаштыруу жайларда жана коммерциялык банктарда 1 АКШ доллары 76,2 сомдон сатылып, 75,5 сомдон сатып алынууда.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 75,44 сом турат. Бул 27-июндан бери доллардын 0,43 пайызга өскөнүн көрсөтүүдө. 26-июнда Улуттук банктын расмий курсу боюнча доллар кыргыз сомуна карата 75,12 сом турган.