Марал Радиосу

Бир суткада 44 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алды

Кыргызстанда бир сутка ичинде 44 медициналык кызматкердин коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бишкек шаарында вирус – 23 медкызматкерге жуккан, Чүй облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 2, Талас облусунда – 1 учур катталды.

Ошол эле учурда акыркы суткада 11 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпысынан – 783 учур катталды, анын ичинен 431 медкызматкер айыгып чыккан.