Марал Радиосу

Ноокатта шахтада бир жаран газга ууланып каза болду

Ош облусунун Ноокат районундагы айылдардын бириндеги шахтада бир жаран газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык кечээ, 28-июнда кечки саат 20:35те болгон.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жарандын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.