Марал Радиосу

Бишкекте бүгүнтөн баштап ысык суу бериле баштайт

Бишкек шаарында 29-июндан баштап ысык суу бериле баштайт. Мэриянын маалыматы боюнча, ысык суу биринчи кезекте бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объектилерге берилет.

Жыл сайын 1-майдан тарта Бишкек ЖЭБ ишин токтотуп, жабдыктарына профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүп келет.

Быйыл коронавируска байланыштуу ысык суу 1-июндан баштап өчүрүлгөн.