Марал Радиосу

Тажикстанда вирус жуктургандардын саны 5799га жетти

Бүгүн, 28-июнга карата Тажикстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 5799га жетти. Алардын ичинен 4 391 адам оорудан айыккан. Ошондой эле, расмий маалымат боюнча, коронавирустан 52 адам көз жумду.

Тажикстан дүйнөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча 78-орунда турат.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып өлкөдө бардык базарлар жабылган.

1-майда курамында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери бар миссия өлкөгө келген.