Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 28-июнга караган түнү бардык аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+12, күндүз +19…+21;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+10, күндүз +18…+20;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+15, күндүз +23…+25
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+8, күндүз +14…+16
Бишкек шаарында 28-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +19…+21 градус болот.