Биз менен байланышыңыз

Казакстанда эс алуу күндөрү карантин жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 554 | 0

Казакстанда 27-июнга карата акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 569 жагдай аныкталды. Эң көп учур Алматы шаарында (73), андан сырткары, Түркестан облусунда (59), Шымкент (58), Караганды облусу (48), Нур-Султан шаары (47), жана Батыш-Казакстан облусунда (40) катталды.

Сутка ичинде бир гана Атыру облусунда коронавирус диагнозу тастыкталгандар болгон жок.

Казакстандын Алматы шаарында эс алуу күндөрү карантин жарыяланды. Шаардын акимиатынын басма сөз кызматы билдиргендей, чектөөлөр 27-июнда түнкү он экиде башталып, 29-июнда түнкү саат он экиге чейин уланат.

Бул аралыкта оорунун жайылуу коркунучу жогору болуп жаткан объектилер: базарлар, чоң соода түйүндөрү, оюн-зоок борборлору, жабык имараттардагы коомдук тамактануучу жайлар, фитнес-борборлору ишин токтотот. Ошондой эле, коомдук транспорттор каттабайт.

Бишкек шаарында дагы ишемби жана жекшемби күндөрү автобустар, троллейбустар, кичи автобустар жана таксилер токтотулду. Бул эпидемиологиялык абалга жана Бишкекте коронавирус жуктурган адамдардын саны көбөйүп жатканы менен байланыштуу.

Казакстанда жалпы республика боюнча 20 319 адам коронавирус менен катталган. Анын ичинен 12 548и айыкса, 150 бейтап каза болду.

Ошондой эле, сутка ичинде 988 адамдан коронавирустун симптомсуз түрү аныкталды. Жалпы 14 548 адам коронавирустун симптомсуз түрү менен катталды. Бул көрсөткүч жалпы тизмеге кошулган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM