Марал Радиосу

Тажикстанда вирус жуктургандардын саны 5691ге жетти

Акыркы сутка ичинде Тажикстанда 61 жаңы коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу коронавирус боюнча Бирдиктүү улуттук порталына жарыяланды.

Эпидемия башталгандан бери өлкөдө жалпы вирус жуккан адамдардын саны 5691ге жетти. Алардын ичинен 4626 адам айыгып, 52 адам аталган вирустан каза тапкан.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып өлкөдө бардык базарлар жабылган.

1-майда курамында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери бар миссиясы өлкөгө келген.