Марал Радиосу

GenеXpert аппараты: Бир саатта 8 анализ текшерилип, жыйынтыгы 99% так чыгат

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар жаңы GenеXpert аппараты менен текшериле баштайт. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, бул лаборатория Улуттук фтизиатрия борборуна орнотулат.

Лаборатория бир саат ичинде 8 анализди текшерип, анын жыйынтыгы 99%га чейин так болот. Азыркы учурда 6500 тестирлөө жүргүзүүгө шарт түзүлгөн.

Бишкекте бүгүнкү күндө коронавирус тастыкталган жарандар үчүн 335 койка-орун бар.

Кыргызстанда 26-июнга карата дагы 250 жарандын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкө боюнча 4204 адамга коронавирус жукту.

Акыркы суткада коронавирустан 50 бейтап айыкты. Коронавирусту жеңгендердин жалпы саны – 2162.

Учурда стационарда – 633 адам дарыланып жатат, алардын 12си жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткан 1366 адам бар. Оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 16 миңден ашык.

Коронавирустан каза тапкандардын саны– 43.