Бишкек шаарында ишемби жана жекшемби күндөрү троллейбус, автобус жана кичи автобустар, такси кызматтары толугу менен токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
«Бүгүн комиссиянын чечими менен токтом чыкты. Бул коронавирус илдетин токтотууга үмүт берет», — деди Түлөбаев.