Марал Радиосу

Быйыл июнь айы үчүн салык түрүндө 6 млрд 60 млн сом түшкөн

Республикалык бюджетке 2020-жылдын толук эмес июнь айы үчүн салык түрүндө 6 млрд 60 млн сом түшкөн, ал эми план 6 млрд 140 млн сом болгон. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов пандемия шарттарында бюджеттин пландуу көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча өткөн жыйында айтты.

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын жабылышы, бажы жыйымдарынын көлөмүнө таасирин тийгизди. Бирок баары эле жаман эмес. Бажы кызматы планын 80% аткарды жана жыл аягына чейин болжолдуу көрсөткүчтөргө жетүүнү көздөп жатат. Жыл башында бекитилген планды ишке ашыруу эле эмес, аны ашыгы менен аткаруу маанилүү. Биздин башкы милдетибиз — жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө жана өз убагында аткаруу болуп саналат. Бардык мамлекеттик социалдык милдеттенмелер өз убагында жана толук көлөмдө каржыланат, — деди премьер-министр.

Анын айтымында, өкмөт пандемия шарттарында көптөгөн кошумча чыгымдарды кыскартып, артыкчылыктуу гана милдеттерди каржылоону калтырууга аргасыз болду.

Пандемия бизден бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылды. Ички, тышкы да кошумча булактарды тартуу боюнча иштерди активдештирүү зарыл. Бардык каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу керек, — деди Боронов.