Бүгүн, 25-июнь күнү белгилүү ырчы, аткаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабековдун үйлөнүү тою өтүп жатат. Тойдо күйөө жолдоштук кызматын кылып жүргөн жакын досу элибиздин таланттуу ырчы мырзасы, маданияттын мыкты кызматкери Алтынбек Кыдыралиевге байланышканыбызда той тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
Өкүл атасы КРнын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев болду. Тойго белгилүү төкмө акын КРнын Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев жана маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Кубаныч Ажыбаев катышты.