Марал Радиосу

УКМК: Каныбек Осмоналиев коронавируска карата анализ тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө абагында кармалып жаткан мурунку депутат Каныбек Осмоналиев COVID-19га карата ПЦР-анализ тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

23-июнь күнү Осмоналиев саламаттыгы начарлаганын айтып, тез жардам кызматы чакырылган. Учурда абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, дарылануудан өтүүдө.

УКМК Каныбек Осмоналиевдин адвокаттары Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери массалык түрдө илдетти жугузуп алышы мүмкүн деген маалымат таратышканын, ал чындыкка дал келбестигин билдирет.

УКМКнын кызматкерлери өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тиешелүү медициналык текшерүүлөрдөн тынымсыз өтүп турушат.