Марал Радиосу

Монголияда парламенттик шайлоо жүрүп жатат

Бүгүн, 24-июнда Монголияда парламенттик шайлоо жүрүп жатат.

Монголиянын жарандары 1992-жылдан бери 8-ирет парламенттик шайлоо өткөрүп жатышат. Жалпы 15 партиядан 606 кандидат катышууда. Алар 76 орун үчүн ат салышмакчы.

“Монголиянын Элдик партиясы” менен Демократиялык партия башкы атаандаштар болуп саналат.

Шайлоонун жыйынтыгы 25-июнда чыгары айтылууда.