Марал Радиосу

Өлкө боюнча коронавирус жуктургандар үчүн 1741 орундук даярдалган

Өлкө боюнча коронавирус жуктургандар үчүн 1741 орундук даярдалган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова кабарлады.

Бишкекте 437, Ысык-Көлдө 51, Жалал-Абадда 327, Нарында 125, Баткенде 122, Ошто 500, Чүйдө 99, Таласта 150 орундук бар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 1 миңден ашык орундуктарда бейтаптар дарыланууда. Саламаттык сактоо министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте орундуктардын санын көбөйтүү боюнча маселени кароодо, — дейт Исмаилова.

23-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 3519га жетти. Илдеттен 2054 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 41 адам каза болду.