Марал Радиосу

Өкмөт жетекчилери беткапсыз сүрөт үчүн 5 миң сом айып төлөштү

Бишкек шаарынын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев пандемия учурунда санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн өкмөт аппаратынын кызматкерлерине айыппул салды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бузуулар тууралуу кодекстин 150-беренеси боюнча протокол түзүлүп, ага ылайык өкмөт жетекчилерине, өкмөттүн аппаратынын жана катчылыгынын кызматкерлерине карата 5 миң сом айыппул каралган.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүн санитардык эрежелерди сактабай, маскасыз сүрөткө түшүшкөнүн сындап, айыппул төлөөнү талап кылган.