Марал Радиосу

«Балага тамак» китебинин автору Асель: «Эмне менен тамактансак — биз ошолбуз!»

Менин атым — Асель. Учурда 2 кызымды карап, декреттик өргүүдөмүн. Ошол эле учурда өзүм окуган, үйрөнгөн, тажрыйбамда колдонуп көргөн маалыматтарды кыргыз тилинде энелер менен бөлүшүп туруу максатында социалдык тармактан блог (@ene_jana_nariste) ачып, макалаларды жазуу менен алектенем.

21-кылымда медицина, технология өнүктү , бирок эмнегедир биз дагы деле баланы кыйнаган эски ыкмаларды колдонгондойбуз. Анын ичинде тамактануу да бар. Мисалы үчүн, мен өзүм деле ошентип чоңойгондуктан балалуу болордон мурун «кошумча тамак берели» дешсе оюма буламык, камыр тамактар келчү эле. Көрсө, кошумча тамак — аты айтып тургандай, эне сүтүнө кошумча катары гана каралып, даамдарды үйрөтүү үчүн берилет тура. Ал эми 1 жашка чейинки эң негизги тамак — эненин сүтү (же эмизе албагандарга аралашма) бойдон каларын кийин билдим.

Тамактануу, өзгөчө кошумча тамакка туура багыт берүү — баланын ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизген эң маанилүү факторлордун бири. Өзгөчө, азыркы учурда табигый азыктардын ордуна жалаң эле даяр оокаттарды, банка-кутулардагы кошумчаларды алып калышпадыбы. Өзүм балалуу болгондон тартып туура тамактануу темасын өтө көп изилдедим, көптөгөн чет элдик адистердин китептерин окуп, марафондоруна катышып, андан сырткары диетолог — нутрициологдун жеке кызматынан пайдаландым. Үйрөнгөнүмдүн баарын бир топтом кылып, жаш энелерге аз да болсо көмөк көрсөтүү максатында китеп чыгардык. Китептеги маалыматтар — бир жаңсыл эмес, ар тараптуу. Ошол эле учурда анын мазмунун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан тастыкталган маалыматтар жана менин бир канча жылдык тажрыйбамдын жыйынтыгы түзөт.

Китепте кошумча тамактын мааниси, кошумча тамакты эмнеден башташ керек экендиги, баланын тамактан аллергиясы , ич өткөк же ичтин катуусу , кайсы азыкты кайсы айда бериш керек экендигине тиешелүү маалыматтардан сырткары айларга жараша бөлүп, 25 рецепт камтылган. Рецепттер биз өзүбүз эле жеп жүргөн мөмө-жемиш же акшактар болгондуктан, аларды базардан же бакчаңыздан таба аласыз деп ойлойм.

Кошумча тамак берүү туура эмес башталганда же туура эмес азыктарды бергенде балада ич өткөк, ичтин катуусу же аллергия башталышы мүмкүн, андан сырткары, оор тамактар менен баланын ашказанын, ичеги — карын системасын кыйнап алышыбыз мүмкүн. Анткени, баланын кээ бир органдары төрөлгөндөн кийин дагы жакшы жетилбей, 1 жашка чейин өөрчүп отурат. Андыктан, кайсы азыкты кайсы айда беришибиз — өтө оң мааниге ээ.

Жалпылап айта турган болсок, орустар айткандай, «Эмне менен тамактансак — биз ошондой болобуз!» Тамак биздин маанайыбызды, жүрүш — турушубузду, эң негизгиси ден соолугубузду өзгөртөт. Азыр үч кишинин бирөөсү кант диабети менен , төрт кишинин бирөөсү ашказандын жара оорусу менен, үч-төрт кишинин бири рак оорусу менен ооруйт. Ал эми акыркы статистика боюнча дүйнөдөгү калктын 30%ы ашыкча салмактан жабыркайт. Булардын баары эмнеден деп ойлойсуз? Албетте, тамактан. Тамак экен деп эле колбаса, сосиска сыяктуу жарым фабрикаттарды, фаст фуддарды, курамынын жарымы шекер болгон ширелерди, канча жыл турганы белгисиз тоңдурулган азыктарды жей берсек, бир күнү ден соолугубуз деле «кечирип кой!» дейт да!

Ошол туура тамактанууга көңүл бөлүү, туура тамактанууну адатка айлантуу жашынан башталгандыктан кошумча тамак берүүнүн мааниси эбегейсиз зор. Биздин көздөгөн максатыбыз ушул болду. Балдарынын ден соолугуна кайдыгер карабаган ата-энелер менен бирге максатыбыздын өтөөсүнө чыгабыз деп терең ишенем.

Китепти Бишкек шаарында Book House (Киев көчөсү 65) жана Алдей-Алдей (Весна соода борбору) балдар дүкөндөрүнөн табасыз. Ал эми региондорго жана Россияга жакында жеткирүү пландары бар.