24-июнда түнкүсүн жана күндүз тоолуу аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 32…34;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градуска жетет.