Марал Радиосу

Президент Жээнбеков Москвага учуп кетти

Президент Сооронбай  Жээнбеков бүгүн, 23-июнда Орусиянын Москва шаарына иш сапары менен учуп кетти. Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Exit mobile version