Марал Радиосу

Мурунку депутат Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Бүгүн, 23-июнда Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында мамлекеттик жана коомдук ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, саясатчылар катышууда.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, милициянын генерал-лейтенанты, мурунку депутат Болот Шер 21-июнда 61 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Анын инсульт алып, Улуттук госпиталда жатканы айтылган.