Кыргызстанда бир сутка ичинде 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 9, Ош шарында – 2 учур катталды.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 604 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.