Марал Радиосу

Кытайда 23-июнга карата коронавирустун жаңы 22 учуру катталды

Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирустун жаңы 22 учуру катталгандыгын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин билдирүүсүнө таянып, чет өлкөлүк басылмалар жазды.

Катталган жаңы 22 үчурдун жетөөндө эч кандай симптомдор болгон эмес. Ошондой эле жаңы катталгандардын 13ү жергиликтүү тургундардан аныкталса, тогузу чет өлкөдөн келгендерден билинген.

Дүйшөмбү күнү Кытайда коронавирустук инфекциянын 18 жаңы учуру белгилүү болгон. Алардын ичинен жети адамда оорунун эч кандай белгилери аныкталган эмес.

Кытайдагы жаңы инфекциялардын көпчүлүгү Пекиндеги дүң соода базарында байкалууда ал жерде да жаңы коронавирус инфекциясы пайда болгон. 13-июнда эпидемиологиялык иликтөөлөрдөн кийин алынып келинген лосось балыгынан коронавирус табылып, учурда базар жабылган.

Жалпысынан Кытайда коронавирус башталгандан бери 83 миң 418 адамда вирус аныкталып, алардын ичинен 78 миң 425 адам айыгып, 4634 адам көз жумган. Учурда 359 адам COVID-19 оорусу менен ооруканаларда даарыланууда.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын түрүнүн келип чыгышы тууралуу маалымдаган. Адистер бул оорунун козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.