Марал Радиосу

Коронавирустан дагы бир бейтап каза болду

Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында дагы бир бейтап коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бейтап 1964-жылы туулган аял киши болгон.

Коронавирусту жуктуруп, башка өнөкөт оорулары күчөп кетип каза болгондордун саны 41 кишини түздү.

Кыргызстанда 23-июнга карата дагы 163 кишиден коронавирус аныкталды. Вирус жуктургандардын жалпы саны 3519га жетти.