Марал Радиосу

Кыргызстанда дагы 163 кишиден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 23-июнга карата дагы 163 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаарында — 94, Чүй облусу — 22, Ош шарында – 16, Ош облусу – 9, Баткен облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 13, Талас облусу – 1, Нарын облусунда – 7 учур катталды.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3519га жетти.

Акыркы суткада 33 бейтап оорудан айыгып, оорукандан чыкты. Бишкек шаарынан 8, Чүй облусунан 12, Нарын облусунан 3, Ош шаарынан 6 бейтап, Жалал-Абад облусунан 4, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2054 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустан каза болгондордун саны 41ге жетти.

Учурда 607 киши ооруканаларда дарыланып жатат, анын ичинен 10 адам жандандыруу бөлүмүндө (реанимацияда) жатат. Үй карантининде оорунун белгилери байкалбаган 817 адам бар.

COVID-19 вирусун жуктуруп алган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 14 148.