Президент Сооронбай Жээнбеков «Качкындар жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзам 2020-жылдын 14-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Максаты — башпаанек издеген жарандарды жана качкындарды каттоо жаатындагы ченемдик актыларга шайкеш келтирүү, ошондой эле башпаанек издеп келген чет өлкөлүк жарандардын расмий өтүнүчтөрүн каттоого байланыштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн укуктук негиздерди белгилөө болуп саналат.
Мыйзамда чет өлкөлүк жарандарды каттоо функциясы «калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органында» деген сөздөргө алмаштыруу каралган.
Ошондой эле адамдарга качкын макамын берүү тууралуу өтүнүчтү каттоодон баш тартууга мүмкүн болгон учурлар белгиленген.
Алар:
— эгер адамга качкындар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мурда аны качкын деп таануудан баш тартылса, кайрадан ачылган же жаӊы жагдайлар жок болгон шартта;
— эгер жаран Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо;
— эгер адам мурда качкын статусуна ээ болсо жана өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынан туулган өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе.
Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.