Марал Радиосу

Кой-Таш окуясы: Кундуз Жолдубаева 7 берене менен айыпталды

Кой-Таш окуясы боюнча 22-июндагы сот отурумунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевага карата айыптоо корутундусу угузулду. Жолдубаеванын фейсбукка жазган маалыматына караганда, ага жети берене менен айып тагылды.

-Мага оор жана эӊ оор беренелер менен айып коюп жатышат. Бардыгы ойдон чыгарылган. Менин күнөөм жок экендигин баса белгилеп кетким келет, -дейт Жолдубаева.

Ал бийликти күч менен басып алууну уюштурууга, массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана жетектөөгө, адамды барымтага алууга, адам өлтүрүүгө жардам кылуу, адам өмүрүнө кол салуу, зомбулукту уюштуруу, тергөөнүн ишине тоскоолдук жаратуу, курал-жарак, ок-дарыларды уурдоо жана башка беренелер менен айыпталып жатат.

Кундуз Жолдубаева жогоруда коюлган айыптарды четке кагып келет. Анын пикиринде, бул бийликтин буйругу менен болууда.

-Судья Марат Сыдыков биздин сөздү аӊдабай, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы, Бишкек шаардык прокурору Темир Бекмаматовдун сөзүнөн чыкпай отурат. Бул дагы бир жолу Кой-Таш окуясы боюнча сот саясий иш экендигин тастыктайт. Буга чейин мага ар бир коюлуп жаткан айып боюнча макул эместигимди билдирип келгем. Ага карабай бийлик мени менен соодалашуу аракетин дагы да улантууда, — деди Жолдубаева.

Кой-Таш окуясы боюнча ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо. Бул иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, мурунку депутат Равшан Жээнбеков жана Атамбаевдин 14 тарапташы айыпталууда. Материалдар ушул жылдын февраль айында сотко өткөн.