Марал Радиосу

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам комитеттин кароосунан чакыртып алынды

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттин кароосунан чакыртып алынды. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда бул маселени үчүнчү окууда талкууламак.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун  авторлору аны кароону келерки аптага чейин жылдырышкан.

Кыргызстанда бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар – Бактыбек Райымкулов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Улан Примов, Евгения Строкова, Аида Исмаилова, Марлен Маматалиев.

Демилгечилердин бири Бактыбек Райымкуловдун айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын каржы ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана отчёттулугун ишке ашыруу болуп эсептелет.

Райымкулов сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда чет элдик агент деген түшүнүк жок экенин айтты.

-Бейөкмөт уюмдар менен коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү биздин жарандар. Аларды кантип чет элдик агенттердин катарына кошууга болот. Сунушталып жаткан мыйзам жөнөкөйлөтүлгөн. Мыйзам каржы отчеттуулугун талап кылат. Жогоруда айткандай, бейөкмөт уюмдары менен коммерциялык уюмдар берген отчетторду отчет деп айтууга болбойт. Алардын жашыруун деген мөөрү бар. Биз алардын отчеттору коомчулукка жеткиликтүү болсун деп жатабыз, — деди Райымкулов.