Марал Радиосу

Turkish Airlines каттамдарын Кыргызстан үчүн да жандантабы?

Turkish Airlines авиакомпаниясы июндун соңуна карай Түркиядан Бишкекке карай каттамдарын улантат. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында кабарланды.

Ага ылайык, июндун соңуна чейин жумасына үч ирет каттамдар ишке ашырылат. Ал эми 1-июлдан тарта жумасына 4 каттам жүргүзүлөт.

Бирок Кыргыз тарап коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын чечими чыкмайынча, «Манас», Ош аэропорттору эл аралык каттамдарды кабыл албай турганын белгилейт.

Turkish Airlines авиакомпаниясы мындан сырткары, 1-июлдан баштап Душанбе, Ташкент, Нур-Султан, Дели, Исламабад, Мумбай шаарларына да аба каттамдарын жүргүзөт.

Белгилей кетсек, Turkish Airlines 10-июнда эл аралык каттамдарын жанданткан. Түркияда ички каттамдар 1-июнда калыбына келтирилди. Коронавирустун өлкөдө жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында эл аралык жана ички каттамдар март айынын аягында токтотулган.