Марал Радиосу

Түркмөнстан ДССУнун эксперттерин кабыл алат

Түркмөнстан ушул жылдын июль айынын башында Бүткүн дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттик миссиясын кабыл алат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министри Рашид Мередов бүгүн, 22-июнда брифингде билдирди.

Жолугушууга Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана Медициналык өнөр жай министрлигинин, башка адистештирилген түзүмдөрдүн, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери катышты.

Ошондой эле, бир катар мамлекеттердин ЖМК өкүлдөрү видео конференция аркылуу катышты.

Анда «Коронавирустук инфекция пандемиясына каршы күрөшүү боюнча учурдагы кырдаалга сереп» темасы талкууланды.