Марал Радиосу

Адилет Султаналиев Өкмөттөгү кызматынан кетти

Адилет Султаналиев өкмөт башчынын басма сөз катчысы кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

Султаналиев мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы болуп 2018-жылдын июлунан бери иштеп келди.

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчылыктан 16-июнда өз арызынын негизинде кетти.